Энергетика тармагынын карызы учурда 135 млрд сомду түзөт

Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын карызы 135 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 45 млрд сом кайтарылган, энергетика жана агроөнөр жай комплекси үчүн калган карыз 158 млрд сомду түзөт.

Жалпысынан алганда, 26 миң 803 субъекттерге иштер жүргүзүлүп, ага 184 млрд сом берилген.

Агенттиктин жетекчисинин орун басарынын берген маалыматына ылайык, бул насыялар 2045-жылга чейин берилген, анын ичинен эң ири кредиттер энергетика тармагына (135 млрд сом) берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды