Назира Абдиева

«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды

Бактилек Калмурзаев “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын, Азат Догочиев «Эйр KG» авиакомпаниясынын башкы директорлугу кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди. Калмурзаев бул кызматты 2022-жылдын августунан бери аркалап келген. 10-январда бул кызматка Улан Барыктабасов шайланган. Ал эми Догочиев бул кызматта

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду - тизмеси

Бизнес

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду - тизмеси

2023-жылдын 26-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапарына карата Бишкекте өткөн Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында, 10 коммерциялык келишимге жана бир Жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн беш келишимге ылайык, келишимдердин суммасы жарыяланып, ал 168 млн долларды түздү. Төмөндө түзүлгөн келишимдердин тизмеси:

КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар - 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543.2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды. Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушуп, анда

Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си – биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды. Форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстандан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдар

Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз - Акылбек Жапаров

Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жапаров форумда «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар экенин айткан. “КР энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ,

ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды

Унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Шакиевдин билдиргенине караганда, ал 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо маселесин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Жапаров айып пулду киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болгон. «Мен депутаттардын

Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло тоо аркары, тоо эчкисине, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыгын билдирди. Министрлик жарандарды өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана коргоо максатында, жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо жөнүндө эскертет. Ысык-Көлдө жапайы тоо теке аткан браконьер кармалды

Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт

Швейцария өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына 2023-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилге 9 миллиондон ашык АКШ долларын бөлдү. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилиги билдирди. Программанын максаты – өзгөчө аялуу элеттик жамааттарды климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине даярдоо жана алардан коргоо иштерин жакшыртуу болуп саналат. Каражатты Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 250

Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот

«Кепилдик фонд» ААКтын кепилдик колдоосу менен Нарын шаарынын тургуну Аскарбек уулу Кенжебек “РСК Банк” ААК аркылуу турак жайлуу болду. Бул тууралуу фондун маалымат кызматы билдирди. 2022-жылдын декабрында «Кепилдик фонд» ААК кеңсесинде «Кепилдик фонд» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «РСК Банк» ААК ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен - үчтөн бири аялдар

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тараптан тышкы жумуштуулук чөйрөсүндөгү иштин алкагында 12 миң кыргызстандык жумушка орношкон, алардын үчтөн бири аялдар. Дагы

Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр - жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Регионалдык директору Самех Нагиб Вахба жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту. Министрликтин маалыматына таянсак, жолугушууда Дүйнөлүк банк менен КРнын ортосундагы, тактап айтканда, энергетика, климаттын өзгөрүшү, суу менен камсыздоо,

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты

Азиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чет элдик коноктор Киев көчөсүндө Манас көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин кыймылды уюштуруунун пилоттук долбоорун көрсөтүштү жана сунушташты. Бул бөлүктө алар жашыл аймактарды уюштурууну, утурлама багыттардагы велосипед тилкелерин жана