ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды

Унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Шакиевдин билдиргенине караганда, ал 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо маселесин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Жапаров айып пулду киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болгон.

«Мен депутаттардын сунушун айттым. Кеңешип, 1-апрелден тарта камсыздандыруу полисин албагандарга айып пул салуунун мөөнөтүн жылдыра турган болдук. Президенттин да ушундай мааниде тапшырмасы бар экен», — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандыктарды милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу 2023-жылдан тарта киргизилген. Бийлик 2023-жылдын 1-апрелине чейин өткөөл мезгилди белгилеп, андан кийин полиси жок унаа ээлерине 3 миң сом айып салууну карап жаткан. Бул маселе боюнча парламент депутаттары мындай административдик чара КРнын калкынын нааразычылыгын жаратат деген пикирлерин билдиришип, өлкөдө автотранспорт каражаттарынын милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү кийинкиге калтырууну сунушташкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды