Назира Абдиева

Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компанияларга ИБАна катышууга сынак жарыяланды

Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компаниялар үчүн Инвестициялык Бизнес Акселераторуна катышууга сынак жарыяланды. Ага ылайык, Accelerate Prosperity бизнес-акселераторго катышууга арыздарды кабыл алат. «Биз инновациялык ишмердүүлүгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен байланышкан ишканаларды, ошондой эле жоготууларды азайтуу жана экологиялык таза өндүрүш менен алектенген компанияларды издеп жатабыз», – деп билдирет Accelerate Prosperity. Бизнес-акселератордун программасы кесипк

Бишкек дүйнөдөгү сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн 50 шаардын катарына кирди

Бишкек дүйнөдөгү сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн шаарлардын арасында 34-орунда турат. Мындай маалыматты жашоо наркы боюнча дүйнөдөгү эң ири маалымат базасы болгон Numbeo порталы билдирет. Бишкектен алыс эмес орунду, Ташкент (36-орунда) ээлесе, Армениянын башкы шаары – Ереван 67-орунда турат. Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон коңшу мамлекеттердин борборлору – Москва – 207, Нур-Султан – 175 жана

Доллар түшүүдө – бүгүн 83.1 сомдон сатылды

Кыргызстанда доллардын наркы дагы түштү. Бүгүн 25-майда түшкө жакын америкалык валютанын наркы 83.2 сомго чейин төмөндөдү. valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында бүгүн саат 11.50дө доллар 83.05 сомдон 83.15 сомго чейин сатылып, 82.7 сомдон алынды. Эскерте кетсек, өткөн жумада, 19-майда доллар январдан

Кыргызстанда курулуш документтерин алуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча документтерди алуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт. Транспорт министрлиги тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө жөнөттү. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Уланбек Калманбетов белгилегендей, бул долбоордун кабыл алынышы курулуш тармагындагы инвестициялык климатты жакшыртып, Doing Business эл аралык рейтингинде КРнын позициясын жогорулатат.

Кой этине жана пахта майына болгон баа өсүүдө – Улутстатком

Үстүбүздөгү жылдын май айында кой этине жана пахта майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирет. Республиканын 18 калктуу конушу боюнча Улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн негизги тамак-аш продуктуларына орточо керектөө бааларынын ар жумалык мониторингинин жыйынтыктарына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата республика боюнча кой этинин орточо

«РСК Банк» уставдык капиталын 161 млн сомго көбөйттү

«РСК Банк» ААК (мамлекеттин үлүшү 100%) уставдык капиталын 160,9 миллион сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (KФБ) басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жумада банктын жөнөкөй акцияларын 19-кошумча чыгарылышын жайгаштыруу боюнча келишим, жалпы соода көлөмүнүн 82%ын түзгөн. Белгилей кетсек, бир акциянын баасы 500 сомду түзгөн. Бул бүтүм, биржалык

Путин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданат

Садыр Жапаров 24-майда Сочи шаарында РФнын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда башка маселелер менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны,

Жогорку Кеңештин комитети ЭӨАнан 17 млн доллар алууну чечти

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынан (ЭКӨБдүн өз алдынча бөлүмү) кошумча 17 млн алуу чечимин бекитти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлдөрү Үчүнчү айылдык инвестициялык Долбоорунун (COVID-19 илдетине карата) алкагында, кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырышты. Экономика жана каржы министринин орун басары

«Кыргызалтын» 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине чыгарып кетүү аракети тууралуу маалыматты четке какты

«Кыргызалтын» ААКму жасалма төлөм тапшырмасын колдонуп, 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине которуу аракети жөнүндөгү маалыматты четке какты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. «Сenterra Gold Inc. ишканасынын 12-майда бизди «жасалма төлөм документтерин колдонуп, каражат которуу операцияларын жүргүзүүгө аракет кылган» деген күнөөсү чындыкка дал келбейт. «Кыргызалтын» ААК ал күнү

20 жашта кантип 50 миң доллардык инвестиция алып, ийгиликтүү бизнес баштаса болот? «Форель 360» ишканасынын негиздөөчүсү менен маек

Алмаз Базарбаев 20 жашында Жалал-Абадда форель балыгын өстүрүү боюнча ишкана ачкан. Үстүбүздөгү жылдын жазында ал Accelerate Prosperity (AP) бизнес-акселерациясына катышып, өзүнүн бизнес-долбоорун ийгиликтүү сунуштап, бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң долларга чейинки инвестицияларды алуу үчүн ТОП-3 компаниялардын катарына кирген. «Форель 360» ишканасы даамдуу тамагы жана алгылыктуу баалары менен келечекте ийгиликтүү болууга

Кыргызстанда доллар 83.5 сомго түштү

Кыргызстанда доллардын наркы акырындап түшүүдө. Бүгүн 24-майда эртең менен америкалык валютанын наркы 83.53 сомго чейин төмөндөдү.  valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветте бүгүн саат 10.00дө доллар 83.48 сомдон 83.6 сомго чейин сатылып, 83.2 сомдон алынды. Эскерте кетсек, өткөн жумада, 19-майда доллар январдан бери биринчи жолу

Кыргызстандык ишкерлер Amazon сайтында соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты

Дүйнөдөгү эң ири электрондук соода платформасы, америкалык Amazon компаниясы жакында Борбор Азиянын башка өлкөлөрү – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу эле Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнө да түздөн-түз катталуу жана соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачты. Жакында аталган сайттын сатуучулары түздөн-түз платформада каттала алган өлкөлөрдүн тизмеси жаңыртылды. Жаңы тизмеде Кыргызстан жана башка Борбор Азия