Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компанияларга ИБАна катышууга сынак жарыяланды

Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компанияларга ИБАна катышууга сынак жарыяланды

Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компаниялар үчүн Инвестициялык Бизнес Акселераторуна катышууга сынак жарыяланды. Ага ылайык, Accelerate Prosperity бизнес-акселераторго катышууга арыздарды кабыл алат.

«Биз инновациялык ишмердүүлүгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен байланышкан ишканаларды, ошондой эле жоготууларды азайтуу жана экологиялык таза өндүрүш менен алектенген компанияларды издеп жатабыз», – деп билдирет Accelerate Prosperity.

Бизнес-акселератордун программасы кесипкөй бизнес-консультанттардын (трекерлердин) колдоосун, конок спикерлерин жана онлайн бизнес процесстерин окутууну камтыйт. Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз компанияларын өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сынакка ким катыша алат:

1) Ар кандай компаниялар жана жеке үй чарбалары үчүн энергияны үнөмдөгөн жашыл технологияларды орнотуучу сервистик компаниялар:

  • Бөлмөлөрдү жылуулоо, жылытуу жана муздатуу кызматтары
  • Сууну пайдаланууну үнөмдөгөн жана / же сууну кайра пайдаланган шаймандарды орнотуу
  • Энергия үнөмдөөчү блокторду орнотуу

2) Өндүрүштүк жана инновациялык ишканалар:

  • Энергия натыйжалуу өндүрүш технологиялары
  • Кеңседеги жана өндүрүштөгү таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү
  • Ресурстарды кайра иштетүү
  • Күн коллекторун өндүрүү
  • LED лампаларын өндүрүү
  • Энергияны үнөмдөөчү имараттарды куруу
  • Биогаз аппаратын орнотуу

3) Энергия жана ресурстарды үнөмдөө боюнча IT-чечимдерди сунуш кылган энерго-технологиялык компаниялары:

  • Чийки заттарды колдонууну минималдаштыруу
  • Кайра калыбына келүүчү энергияны пайдалануу
  • Калдыктарды кайра иштетүү
  • Айнек, макулатура, текстиль калдыктары, пластик жана алюминий идиштерин кайра иштетүү

Сынакка ким катыша албайт:

  • Энергияны жана ресурстарды үнөмдөө үчүн инвестицияга муктаж болбогон ишканалар
  • Соода менен алектенген ишканалар (жашыл технологияларды импорттоо)

Арыздар Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алынат. Акыркы мөөнөтү: 16-июль, 2021-жыл

Каржылоо шарттары менен https://kg.accelerateprosperity.org/ таанышсаңыз болот.

Суроолор боюнча +996 (990) 935 008 номерине чалсаңыз болот.

______________________________________________________________________________

Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

USAID жана Ага Хан Фонду  «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоору тармактарындагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аярлуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул орунга волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон. Бирок, шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде жалгыз Айваз Оморканов болгон. 29 жаштагы Оморканов 2020-2021-жылдан бери Эл аралык хоккей

Кытайдын ири курулуш компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго кызыгууда

Кытайдын ири курулуш компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын China Construction Third Engineering Bureau компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушууда тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанда биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Равшанбек Сабиров Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани

Энергетика министринин орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды

Энергетика министринин орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды

Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев кол койду.  Эске салсак, жаңы дайындалган

Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Темирлан Айтиев №20 шайлоо округунан 9021 добуш алып депутатыкка шайланган. Буга чейин бир катар депутаттар мандатын тапшырган. Мандатын тапшырган депутаттардын тизмеси: Элдар Сулайманов Кундузбек Сулайманов Куванычбек Конгантиев Курманкул Зулушев Шайырбек Ташиев Нурланбек Азыгалиев Гүлсүнкан Жунушалиева Абдылдабек