Кыргызстандык ишкерлер Amazon сайтында соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты

Кыргызстандык ишкерлер Amazon сайтында соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты

Дүйнөдөгү эң ири электрондук соода платформасы, америкалык Amazon компаниясы жакында Борбор Азиянын башка өлкөлөрү – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу эле Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнө да түздөн-түз катталуу жана соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачты.

Жакында аталган сайттын сатуучулары түздөн-түз платформада каттала алган өлкөлөрдүн тизмеси жаңыртылды. Жаңы тизмеде Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү пайда болду. 

Amazon аркылуу соода жүргүзүүнү баштоо үчүн, кыргыз ишкерлери каттоодон өтүп, өз эсебин ачып, тастыктоочу документтерди киргизиши зарыл, ошондой эле катталуучунун банк эсеби жана эл аралык төлөм картасы болушу керек. Бардык шарттарды «Амазондун» веб-сайтынан таба аласыз.

Economist.kg мурда жазгандай, өткөн жылы Амазондун өкмөттү трансформациялоо боюнча директору Лиам Максвелл Бишкекке келип, ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү талкуулашкан эле.  

Жарым жыл мурда кыргызстандык ишкер Бермет Кошоева Economist.kg басылмасына берген маегинде Россия, Украина жана Беларуссия «Амазондо» соода кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесинде экендигин, бирок Борбор Азия ишкерлери үчүн мындай мүмкүнчүлүк ачыла электигин айткан эле. «Мен сайттын колдоо кызматына биздин өлкөлөргө дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк берилсин деп жаздым, эгерде сиз да Амазондо соода кылууну кааласаңыз, анда аларга кат жазсаңыз болот» – деген  Кошоева.

«Амазондо» кантип бизнес баштоо тууралуу Бермет Кошоеванын маегин бул шилтемеден окусаңыз болот.

Wildberries

Эскерте кетсек, Апрель айынын башында КРнын электрондук ассоциациясы КМШдагы эң ири онлайн-аянтчасы болгон Wildberries сайты менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгон. Натыйжада, май айынан тартып кыргызстандык ишкерлер аталган платформага түз катталып, мыйзамдуу түрдө соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Wildberries онлайн-сатуу платормасында 40 млн колдонуучу жана 90 миң сатуучу бар. 

Бизнесин Wildberries платформасында да жайылткысы келгендер үчүн Economist.kg «Wildberries платформасында бизнести кантип баштаса болот?» деген нускама даярдаган.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу