Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу отчет берди
КыргызстандагыCASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. Азыркы учурда 1 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат,