Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашылды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашылды

Тариэль Жаныбеков Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Такталгандай, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Акылбек Жапаровдун дагы бир буйругу менен Бекжан Рысмендеев министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.

Министрдин жаңы орун басарларын жамаатка президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев жетекчилердин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү