Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Бишкекте 2023-жылдын 18-19-ноябрынан тарта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманке өтүүчү жайлар:

·      Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

·      Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

·      Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Дагы эки жума калды: DemirBank онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоону сунуштайт

Дагы эки жума калды: DemirBank онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоону сунуштайт

2026-жылдын 2-ноябрга чейин DemirBankтын кардарлары онлайн-кредит боюнча жылдык 0%дан 19,99%га чейинки каалаган пайыздык ченди өз алдынча тандай алышат. Өтүнмөнү мобилдик тиркеме аркылуу берүүгө болот. Анда тандалган пайыздык чендин жактырылуу ыктымалдыгынын болжолдуу көрсөткүчү чагылдырылат. Акцияга катышуу үчүн DemirBank мобилдик тиркемесине кирип, онлайн-кредит алууга өтүнмө

Ишкер Media
Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

КРнын Улуттук банкы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКсын микрокредиттик компаниядан (МКК) микрофинансылык компанияга (МФК) кайра түзүүгө макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын Юстиция министрлигине жөнөткөн расмий катында белгиленген. Ишкердикти өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, кайра түзүлүү процесси толук аяктагандан кийин фонд берилүүчү насыянын максималдуу суммасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши

Ишкер Media
Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Чүй облусунун прокуратурасы Чүй башкы суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, сметалык баа негизсиз жогорулатылып, бетон пайдубал-тирөөчтөрдү курууда аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтар киргизилген. Башкача айтканда, кагазда иш көп көрсөтүлүп, иш жүзүндө

Ишкер Media
Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга жалпы 5 миллион 230 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришет. Маалыматка ылайык, уюм учурда дагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. "Камсыздандыруунун мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун зарылдыгы

Ишкер Media