Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифтери чет өлкөлүк квалификациялуу адистерден ажыратат – ЭИК
Чет өлкөлүктөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифтери Кыргызстанды квалификациялуу адистерден ажыратат. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди. Сыдыков чет элдик кызматкерлер үчүн социалдык төлөмдөрдү 3%дан 27%га чейин көтөрүүгө каршы чыкты. ЭИК Социалдык фондуна жыл аягына чейин чет элдиктер үчүн тарифтердин алгылыктуу деңгээлин табууну сунуштады.