MegaCom жана Sky mobile боюнча соттук териштирүүлөр оң натыйжаларга жетишилди
Соттук өкүлчүлүк борбору жана Willkie Farr & Gallagher юристтери министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.
Эске салсак, акыркы жылдарда арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясы коргойт. Алар СӨБ командасы менен биргеликте 2021-2022-жылдары КР каршы бир катар соттук териштирүүлөрдө, анын ичинде MegaCom уюлдук операторунун иши, Sky mobile компаниясынын доо арызы жана «Манас банктын» айланасындагы талаш боюнча Франциянын юрисдикциясындагы арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча биргелешип оң натыйжаларга жетишилгени айтылды.
Өз кезегенди Willkie Farr & Gallagher компаниясынын өнөктөшү Грегуар Бертру Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте натыйжалуу консультациялык колдоону талап кылган бир катар башка иштердин жана маселелердин үстүндө иштеп жатканын билдирди.
«Талаш-тартыштарды чечүү, биздин кызыкчылыктарыбызды жана укуктарыбызды коргоо, жалпы эле мамлекетибиздин кызыкчыгынын камсыздоодо арбитраждык процесстер негизги ролду ойнойт. Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын дасыккан жана кесипкөй команданын коргоого алышы биз үчүн абдан маанилүү», – деди Жапаров.