Төлөм системасынын катышуучулары үчүн практикалык окутуу

Төлөм системасынын катышуучулары үчүн практикалык окутуу

Финтех кызматтарын өнүктүрүү максатында ачык API бирдиктүү стандарттарын ишке ашыруу жана апробациялоо үчүн кейстерди тандоо боюнча төлөм системасынын катышуучулары менен практикалык воркшоп өткөрүлдү. Ишчараны КРнын Улуттук банкы Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык каржы корпорациясынын көмөгү менен өткөрдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 30-сентябрында Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен ачык API бирдиктүү стандарттарын колдонууга киргизүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр жактырылган. Анда төлөмдөрдү демилгелөө үчүн API стандарты, ошондой эле банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн маалыматтарын алмашуу жана пайдалануу үчүн Ачык API бирдиктүү стандарты камтылган.

API (Application programming interfaces) - программалык тиркемелерди түзүү үчүн нускоолордун, протоколдордун жана инструменттердин жыйындысы. API программалык компоненттердин кандайча өз ара иш алып барууга тийиш экендигин аныктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан 2 миңден ашык чет элдикти депортациялоого канча каражат кеткенин билдирди. 2025-жылы кыска мөөнөттүү амнистия алкагында Кыргызстандан чыкпай туруп, өлкөдө мыйзамдуу болууну легалдаштырышкан чет элдик жарандар 9,6 миңди түзгөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, республикадан жалпы 2 088 чет элдик адам депортацияланган. "

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Министрлер кабинети Бирдиктүү нотариат маалымат системасын (БНМС) колдонуу үчүн акы киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, акы нотариалдык аракеттерди жүргүзүү учурунда алынат жана жеке нотариустарга тиешелүү — системаны колдонуу менен техникалык кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм алынат. Анын өлчөмүн Министрлер кабинетинин алдындагы Экономика жана коммерция министрлигинин Антимонополиялык жөнгө салуу

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

2025-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды, бул өлкөнүн Африка континентиндеги позициясын чыңдоодогу маанилүү кадам болду. "Ошондой эле Кыргызстандын Египетте элчилигин түзүү чечими кабыл алынды. Бул өлкө үчүн Жакынкы Чыгышта жана Түндүк

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык Indorama компаниясынын директору Пракаш Кежривали менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз дыйкандарына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүүнү, болжол менен 250 миң тонна муктаждыкты камсыздоону талкуулашты. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү багыттары — өсүмдүктөрдү