Микрофинансы уюмдарында алдамчылыкка каршы жаңы жобо бекитилди

Микрофинансы уюмдарында алдамчылыкка каршы жаңы жобо бекитилди

Улуттук банк Башкармасы "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомду кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жаңы жобо микрофинансы уюмдарында тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча системаларды иштеп чыгуу, ошондой эле кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо жана операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Токтом Улуттук банктын расмий сайтына (www.nbkr.kg) жайгаштырылып, “Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору” бөлүмүндө жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдерин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди. Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,