Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КРУБ лицензиясы жок эле операцияларды жүргүзөт

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КРУБ лицензиясы жок эле операцияларды жүргүзөт

“Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын мыйзамына Президент Садыр Жапаров өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду.

 Ага ылайык, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн КРнын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияны албастан жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот.  
Ошондой эле, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын Мыйзамы Мамлекеттик  өнүктүрүү банкынын ишинде колдонулбайт.

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Токой кызматынын Тоң токой чарбасында заманбап күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу муздаткыч кампасынын ачылышы болду. Бул объектилер Түрк мамлекетинин Өкмөтүнүн каржылык колдоосунун жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун Friends долбоорунун алкагында курулуп жатат. Күнөсканага 2 млн 150 миң 118 сом, ал эми муздаткыч кампага 1 млн 304 миң

Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспортторду каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантын жарыялады. Маалыматка караганда, негизги операциялар 12 сомдон 800 сомго чейин, айрым кызматтар 5 211 сомго чейин турат. Борбордун маалыматы боюнча автотранспорт үчүн кызматтар: * Унааны тейлөө бөлүмүнүн аймагында кароо — 400

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы