Улуттук банктын алтыны бир күндө 11 миң сомго арзандады

Бүгүн, 22-октябрда, Улуттук банк алтындын унциясын (31,1 грамм) 367 185 сом 50 тыйындан кайра сатып алууда. Бул көрсөткүч кечээкиге салыштырмалуу 10 909 сомго арзандаганын көрсөтүп турат.
Кечээ, 21-октябрда, унциясы 378 095 сомдон бааланган. Учурда банк алтын куйманын унциясын 372 693 сомдон сатып жатат.