Кредиттик саясатка байланыштуу токтомдун долбоору коомдук талкууга сунушталды
Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоорунда банктардын кредиттик саясатына, анын ичинде байланыштуу жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү каралган. Ошондой эле кредиттерге, күрөөлүк камсыздоого мониторинг жүргүзүү механизмдерин жакшыртууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын актуалдаштыруу максатында башка өзгөртүүлөр да киргизилген.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 11-ноябрынан кечиктирбей бере алышат. Толук маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган.