Улуттук банк эсептик ченди 10%га чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 10%га чейин жогорулатты

 КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 75 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатты. КРУБ расмий маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 6,2 пайызды, жылдык мааниде – 8,4 пайызды түзгөн.

Өлкөнүн экономикасынын өсүш арымынын жогору болушу керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен шартталып – 2025-жылдын тогуз айында реалдуу ИДӨ 10%га өстү.

Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат. Акча рыногундагы пайыздык чендер каражат топтоонун ыңгайлуулугу менен кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүнүн ортосундагы тең салмактуу катышты камсыз кылууда.

Инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү 10%га чейин жогорулатылды. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасынын 5-7 пайыз максаттуу диапазонунда калыптанышына өбөлгө түзөт, -деп белгиленген Улуттук банктын расмий сайтында.

Эске салсак, 2025-жылдын 29-июлунан бери Улуттук банктын эсептик чени 9,25 пайыз денгээлинде болуп келе жаткан.

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз