Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт
Кыргызстандын эл аралык резерви 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,5 млрд. долларды түзүп, жыл башынан бери 48,5%га жогорулаганын бүгүн Улуттук банк төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын айтымында, жеткиликтүү деңгээлдеги резервдерди кармоо сырткы экономикалык тобокелчиликтерди азайтууда жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө ишеничтүү таяныч катары кызмат кылат.
А.Козубековдун маалыматы боюнча 2025-жылдын 9 айында Кыргызстан ИДПсы 10%га өскөн. Мындай өсүүдө негизги салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармактары камсыз кылган. Ички суроо-талап калктын реалдуу кирешелеринин өсүшүнө жараша туруктуу.
“Калктын реалдуу эмгек акысы 10,9%га өсүп, акча котруулардын таза агымы 24,1%га жогорулады” -дейт ал.
Буга улай ал ички валюталык рынокто кырдаал туруктуу экенин айтты. Валюта курстарынын өйдө-ылдый болууларын жумшартуу үчүн Улуттук банк 416,6 млн сомго 5 валюталык интервенцияларды жасаган.