Насыялык маалымат алмашууда өзүнө-өзү тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алынды
Улуттук банк айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомду кабыл алды. Ага ылайык, «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамыга ылайык келтирүү максаты каралган.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө жана кредиттөөнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө же алып салуу мүмкүнчүлүгү киргизилүүдө.
Банк кызматтарын сунуштаган жактар кредиттик келишим түзүүдө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө тууралуу маалыматты сурап алууга жана кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга милдеттүү.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.