Каражатты банкта сактоо кооптуу эмеспи? Ага ким кепилдик берет?

Каражатты банкта сактоо кооптуу эмеспи? Ага ким кепилдик берет?
“Акча иштеши керек” деген пиринципти карманган өлкөбүздүн көпчүлүк жарандары тапкан кирешесин илгеркидей жаздыктын астында эмес, мал чарбачылык же дыйканчылыкка салып, алтын сатып алып же финансы-кредиттик мекемеге депозит (аманат) катары сактап келет. Банкта  сактагандар каражатын ишенимдүү инструмент экенин жакшы билишет. Ал эми маалыматы жоктор “банкка салса акча күйүп же тонолуп кетет” деген пикирде, депозитке салуудан кооптонушат. Ушуга байланыштуу Ишкер медиа жарандардын банктагы акчасынынын сактыгын көзөмөлгө алуучу КРнын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору  Букуев Кадырбек Жумабекович менен маектешип, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алды.

Кадырбек Жумабекович, алгач сиз жетектеген Депозиттерди коргоо агенттигинин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз. Ал качан ачылган жана максаты эмнеде?

 КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Президенттин 2008-жылдын 3-июлундагы  буйругу менен КРда банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо системасын камсыз кылуу жана “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында түзүлгөн.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин максаты КРнын банктарында, микрофинансылык компанияларында жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда аманатчылардын депозиттерин, турак жай-сактык аманаттарын милдеттүү коргоо системасын түзүү жана аны ишке киргизүү болуп саналат.
Агенттик бүгүнкү күндө Депозиттерди коргоо системасы жана Депозиттерди коргоо фондун башкаруу алкагында калктын банктардагы жана финансы-кредиттик уюмдардагы аманаттарын коргоодон тышкары, банктарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча иш-милдеттерин дагы аткарат.

 Статистикалык маалыматтар менен бөлүшө кетсеңиз, азыр коммерциялык банктарда канча кардардын аманаты бар?

2025-жылдын 30-сентябрына карата Депозиттерди коргоо системасына кирген банктардын аманатчыларынын жалпы саны 12 277 445 адамды түзгөн. Аманатчылардын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары дагы, чет өлкө жарандары да кирет. Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөбүздүн жарандары каалаган банкта депозитке ээ боло алышат. Мисалы, бир эле жаран бир нече банкта аманат кармай турган болсо, ал ар бир банк боюнча өзүнчө аманатчы катары эсептелет.

Эгерде мурдагы жылдарга салыштырсак элдин акчаны депозитте кармоо маданияты өсүп жатабы?

Ооба, өсүп жатат. Калктын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын көлөмү 2025-жылдын 30-сентябрына карата 346,9 миллиард сомду түзгөн. Өткөн чейрек менен салыштырганда аманаттар 5 пайызга, жыл башынан бери 21 пайызга, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 пайызга жогорулады.

Канча сомго чейинки аманат коргоого алынышына кепилдик берилет жана ал кандай учурларда кардарга кайтарылып берилиши керек? ФКУ банкрот болгон учурда элеби, же башка учурлар дагы барбы?

«Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык кепилденген учур келип чыкканда ар бир аманатчыга аманаттары боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, жалпы суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпаган өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет.
Кепилденген учур — бул «Банктар жана банк иштери жөнүндө» КРнын Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компанияларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тарабынан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын лицензиясынын кайтарып алынышы болуп эсептелет. Эгер аманатчынын бир банкта же бир МФКда бир нече аманаты бар болсо, ал аманаттары жана аларга кошуп эсептелген устөк пайыздар боюнча компенсациянын өлчөмү топтолгондо 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпайт.
Эгерде аманатчынын ар кайсы банктарда жана МФКда аманаттары бар болсо, ар бир банктагы жана МФКдагы ал аманаттары жана аларга кошуп эсептелген үстөк пайыздар боюнча компенсация төлөнүп берилет.
Чет өлкө валютасында кабыл алынган депозиттердин суммасы кепилденген учур келип чыккан күнү аманатчыга улуттук валютада Улуттук банктын расмий курсу боюнча төлөнүп берилет.

Тарыхта ушундай аманаттарды кайтарып берүү жүзөгө ашырылды беле?

Ооба, тарыхта мындай аманаттарды кайтарып берүү учурлары болгон. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан «Манас Банк» жабык акционердик коомунун аманатчыларына компенсация төлөнүп берилген. «Манас Банк» ЖАК аманатчыларына компенсация төлөп берүү 2015-жылдын 10-августунда башталып, кийинки жылдары да улантылган.

Мындан 15-20 жыл мурда “Рентон групп” аттуу мекемеге акчабызды жедирип алдык деген аманатчылар Ала-тоо аянтында байма-бай митинг уюштуруп жүрүшчү эле. Алардын тагдыры эмне болуп чечилди?

“Рентон групп” деген Финансылык пирамида болгон. Алардын ишмердүүлүгү баалуу кагаздар менен байланыштуу болгон. Бизге тийешелүү эмес болчу.

Адистен кеңеш: Эгерде сиз банкка депозит кармайын деп чечсеңиз, анда банк жөнүндө толук маалымат (анын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү), анын депозиттерди коргоо системасына катышуусу, депозиттер боюнча сунушталган шарттар менен таанышып чыгышыңыз керек. Мындай маалыматты банк кызматкерлеринен телефон аркылуу же банктын кеңселеринен, маалымат такталарынан, маалыматтык буклеттерден жана расмий сайтынан таба аласыз. Ал эми депозиттерди коргоо системасы жөнүндө толугураак маалыматты Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин www.deposit.kg сайтынан алсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи