"Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

"Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

КРнын Улуттук банкы улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды чагылдыруу жана кеңири жайылтуу максатында 2025-жылдын 8-декабрынан тартып "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" сериясындагы "Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарууда. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Бутуна ийрилген жиптин үзүгү менен өз алдынча биринчи кадамдарын жасап жаткан баланын сүрөтү монетанын негизги сюжети. Анын сол жагында ата-энеси, оң жагында боз үй жана тушоо кесүү ырымына арналган жарышта чуркап келе жаткан балдар чагылдырылган. Ошондой эле монетанын арткы бетинде ийрилген жип (аркан) менен курчалган КРнын герби түшүрүлгөн, анын жогорку бөлүгүндө бутунда бекем жана ишенимдүү турган, калпак кийген канаттуу баланын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан. 

"Тушоо кесүү" коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Аталган монетаны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында - 6 940 сомдон сатылып жатат.

Буга чейин 2023-жылы "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" сериясындагы "Бешикке салуу" монетасы чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда автобустарга GPS-трекерлер орнотулуп, “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-январда өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда куруучулардын жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу, ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктар жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же