Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Ыйык Орозо айында муктаждарга жардам берүү жана жакшы иштерди кылуу өзгөчө мааниге ээ. MegaPay тиркемесинин колдонуучулары фитр-садаканы онлайн түрүндө — тез жана ыңгайлуу, түз эле смартфон аркылуу бере алышат.

Тиркеме аркылуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине кайрымдуулук төлөмүн жүргүзүүгө болот. Сервис ар бир каалоочуга Орозо айы аяктаганга чейин бул маанилүү руханий милдетти оңой аткарууга шарт түзүү үчүн иштелип чыккан.

MegaPay’де фитр-садака берүүнүн эки жолу жеткиликтүү. Колдонуучу каалаган сумманы өзү көрсөтө алат же автоматтык эсептөө функциясын колдонсо болот. Бул үчүн сунушталган тизмеден азыкты тандап, адамдардын санын көрсөтүү жетиштүү — тиркеме фитр-садаканын көлөмүн автоматтык түрдө эсептеп берет.
Кайрымдуулук каражатын которуу үчүн MegaPay тиркемесин ачып, "Сервистер" бөлүмүнө өтүп, "Кайрымдуулук" категориясын тандап, "Фитр-садака (Муфтият)" кызматын басуу керек. Андан соң ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандап, төлөмдү ырастоо зарыл.

MegaPay’дин санариптик сервистеринин жардамы менен фитр-садаканы бир нече мүнөттө — тез, коопсуз жана ашыкча түйшүксүз төлөөгө болот. Бул муктаждарга жардам берүүнүн жана Орозо айын жакшы иш менен жыйынтыктоонун ыңгайлуу жолу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиялары №3028080120 жана №2027080120, 08.01.2020-ж.

Мындан тышкары окуңуз

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media