2 коммерциялык банкка 293 000 сом айып пул салынды

2 коммерциялык банкка 293 000 сом айып пул салынды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (КИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү КРнын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2 коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды

КРнын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынан кабарлагандай, 2 коммерциялык банк КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык жоопко тартылган.

Билдирүүгө караганда, текшерүү учурунда Финансылык чалгындоо кызматы кийнки мыйзам бузууларды аныкташкан:
·       ички контролдоо тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы;
·       финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы;
·       контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы;
·       ошондой эле КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү КРнын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузган

Жогоруда аталган мыйзам бузуулар үчүн 2 коммерциялык банкка жалпы суммасы 293 000 сом айып пул салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү

Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өткөн аптада өлкө аймагында 26 916 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт. Эң көп катталган жол эрежеси бузуу фактылары: * Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 974; * Мас абалында унаа башкаруу – 427; * Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 151; * Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар