Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү тармагынын бизнес өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдар аткарылган иштер жана Президенттин тапшырмасын жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү негизги багыттар боюнча чечимдер иштелип чыкты:

  • Логистикалык коридорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк алуу;
  • Продукцияны экспорттоо шарттарын жакшыртуу;
  • Чет өлкөлүк адистерди тартуу маселелерин жөнгө салуу;
  • Заманчыл тармактык лабораториянын курулушу.

Бул багыттагы иштер Президенттин жеке көзөмөлүндө турат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media