Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу.

Ошондой эле, мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия" Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттары, милдеттери жана терминдерин так аныктоо;
  • Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин чөйрөсү жана милдеттери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жоопкерчилиги;
  • Коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти жүзөгө ашыруу;
  • Коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча механизмдерди камсыздоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен