КРУБ бир коммерциялык банкка айып пул салып, бир алмашуу бюросунун лицензиясын токтотту

КРУБ бир коммерциялык банкка айып пул салып, бир алмашуу бюросунун лицензиясын токтотту

2025-жылдын 5-декабрында бир коммерциялык банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча КРнын мыйзам талаптарын жана ички контролдоо системасын уюштуруу талаптарын бузгандыгы Улуттук банк тарабынан аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, мыйзам бузууга жол берген бул коммерциялык банкка 21 600 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан сырткары КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы «Экспо Гранд плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын лицензиясынын аракети 2025-жылдын 9-декабрынан тартып 23-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына чейин токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү

Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өткөн аптада өлкө аймагында 26 916 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт. Эң көп катталган жол эрежеси бузуу фактылары: * Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 974; * Мас абалында унаа башкаруу – 427; * Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 151; * Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар