Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик учурлары келип чыккан учурда салымчыларга компенсация төлөп берүү үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоонун жаңы тартибин бекиткен жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан документтин негизги максаты — төлөмдөрдүн башталыш мөөнөтүн кыскартуу жана аманаттарды коргоо тутумунун натыйжалуулугун камсыз кылуу. Долбоорго ылайык, банкроттук же лицензиясы кайтарылып алынган учурда жарандарга акча кайтарып берүүчү банк кризис маалында эмес, алдын ала аныкталат. Алдын ала тандоо жол-жобосун үч жылда бир өткөрүү пландалууда.

Конкурска катышуу үчүн коммерциялык банк төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

·       депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болуусу;

·       КРУБ ченемдерине ылайык жетиштүү өздүк капиталынын жана капиталдын жетиштүүлүк деңгээлинин болушу;

·       акыркы 6 айдын ичинде жөнгө салуучу орган тарабынан олуттуу санкциялардын жана таасир этүү чараларынын болбошу;

·       салымчылар жайгашкан аймактарды камтыган кеңири филиалдык тармакка ээ болуусу.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча Агенттик бирден үчкө чейин банктан турган резервдик тизмени түзөт. Жеңүүчү банктар менен үч жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Долбоордо мамлекеттик банктарга тиешелүү маанилүү норма да каралган. Эгерде жеке менчик каржы институттары конкурска арыз бербесе же талаптарга жооп бербесе, Агенттик Улуттук банк менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан жогору болгон банкты агент катары дайындоого укуктуу. Мындай учурда мамлекеттик банк компенсация төлөө функциясын аткаруу боюнча келишим түзүүгө милдеттүү жана андан баш тартууга укугу жок.

Чыныгы кепилдик учуру (банкроттук же банк-катышуучунун лицензиясы кайтарылып алынган учур) келип чыкканда, Агенттик бир күндүн ичинде Улуттук банктан резервдик тизмедеги өнөктөш банктардын актуалдуу макамы боюнча маалымат сурайт. Жөнгө салуучу орган эки сутканын ичинде жооп бериши керек. Бул жарандарга каражаттарды кайтарып берүү процессин мүмкүн болушунча тез баштоого жана салымчылар үчүн эң даяр жана ыңгайлуу банк-агентти тандоого шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде