Кыргызстандыктардын банктык депозиттерде 259 млрд сомго жакын каражаты бар
Октябрь айынын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар банктардагы депозиттерде 259 млрд сомго жакын каражат сакташкан.
Улуттук банктын отчеттуулугун талдоонун жыйынтыгына ылайык, октябрь айынын соңуна карата Кыргызстандагы жеке адамдар банктардагы депозиттерде 258 млрд 995,8 млн сом сактаган.
Кыргызстандыктардын депозиттеринин көлөмү өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 66 млрд сомго, же 34,2%га өскөн.
Ошол эле учурда жарандардын эсептик эсептеринде 11,1 млрд сом, талап боюнча депозиттерде 129,5 млрд сом, ал эми мөөнөттүү депозиттерде 118,3 млрд сом каражат сакталууда.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Хканалдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!