Улуттук банк бир акча алмаштыруу бюросуна 55 000 сом айып пул салды
КРнын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы аймактагы акча алмаштыруу бюролорунун ишмердүүлүгүнө инспектордук текшерүү жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгы боюнча, КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Азыркы учурда Улуттук банктын лицензиясын алып, республика боюнча чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 828 акча алмаштыруу бюросу бар. Алардын ишмердүүлүгү жана мыйзамдуу иш алып барышы Улуттук банк тарабынан жөнгө салынып, тыкыр көзөмөлүндө турат.