Казакстандын Улуттук банкы “Казак күрөшү” монетасын чыгарды. Анын КРУБ “Кыргыз күрөшүнөн” айырмасы

Казакстандын Улуттук банкы “Казак күрөшү” монетасын чыгарды. Анын КРУБ “Кыргыз күрөшүнөн” айырмасы

Казакстан Республикасынын Улуттук Банкы «Казакстандын каада-салттары, улуттук оюндары» сериясынын алкагында “QAZAQ KÚRESI” аттуу коллекциялык монеталарын бүгүнтөн баштап жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, «Қазақ күресі» —бул эки балбандын күчүн, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын сынаган казак элинин салттуу улуттук күрөшү болуп саналат. Бул коллекциялык монеталар Казакстан монета сарайында 3 түрдө: күмүш, мельхиор жана нейзильбер эритмелеринен жасалган. Алар төмөнкүдөй даярдалган:

💡
- 925 пробадагы күмүштөн, алтын жалатылган, салмагы 24 грамм, диаметри 37 мм, жасалуу сапаты proof, номиналы 1000 теңге, нускасы 2 000 даана;
- Мельхиор эритмесинен, салмагы 15 грамм, диаметри 33 мм, жасалуу сапаты brilliant uncirculated, номиналы 200 теңге, тиражы 5 000 даана;
- Нейзильбер эритмесинен, салмагы 11,17 грамм, диаметри 31 мм, жасалуу сапаты uncirculated, номиналы 200 теңге, тиражы 50 000 даана.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынынын алкагында чыгарылган «Кыргыз күрөш» монетасы мындан 5 жыл мурда 2020-жылы чыгарган. Монеталары    алдыңкы бетинин негизги сюжетин көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар түзөт. Монеталар төмөнкүдөй даярдалган:

💡
- 925 пробадагы күмүштөн жасалган. салмагы 31,10 грамм, диаметри 38,61 мм, жасалуу сапаты proof, номиналы 10 сом, нускасы 1 000 даана;
- жез-никель эритмесинен, диаметри 30 мм, салмагы 12 грамм, жасалуу сапаты proof-like, номиналы 1 сом, нускасы 5 000 даана. Күмүш монетасынын дизайны менен туура келет. 

КРУБ монеталары улуттук спорттун бул түрүн кайрадан өнүктүрүү жана даңазалоо максатында чыгарылганын маалымдап, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналганын жана кыргыз күрөш кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирерин, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эң эле кызыктуу оюндардын бири экенин белгилөөгө аракет кылган.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде