Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды

Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды

Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору Банктар аралык процессинг борбору («Элкарт») UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи Ташкент шаарында өттү.

Бул тууралуу Банктар аралык процессинг борборунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сыйлык UZCARD AWARD 2025 тармактык форумунун алкагында тапшырылып, ага банктардын, финтех-компаниялардын жана төлөм сервис-провайдерлердин 300дөн ашык өкүлү катышкан.

Аталган сыйлык Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борборуна - Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук төлөм системаларын интеграциялоо боюнча биргелешкен долбоор үчүн ыйгарылды.

Эске салсак, быйыл 16-июлдан баштап Бишкекте биринчи жолу “Элкарт” жана UZCARD карталарынын ортосунда эл аралык төлөм системаларынын катышуусуз түз трансчек аралык которуулардын толук кандуу сервиси ишке киргизилген. Кыргызстанда бул сервис “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси аркылуу, ал эми Өзбекстанда UNIRED тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.  

Мындан тышкары окуңуз

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

Борбор калаанын муниципалитети "Сууда сүзүү, заманбап беш түр мелдеш, фехтование, триатлон жана дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби “Дельфин” муниципалдык мекемесинде аудит жүргүзгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аудиттин жыйынтыгында каржылык тартиптин бузулушу жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, архив иши жана ички көзөмөл жаатындагы колдонуудагы

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда утилизациялык жыйымды кайрадан күчөтүү пландалууда. Эксперттер мунун натыйжасында автоунаалар кымбатташы мүмкүн экенин божомолдошууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр, акыркы айлардагы экинчи корректировка катары Россия өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Мыйзам долбоору Россиянын Өнөр жай жана соода тарабынан даярдалган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн автоунааларды алып кирүүгө байланыштуу кайра иштөөгө жарактуу таштанды (утиль) жыйымын эсептөө тартибин кайра

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу