Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу тууралуу сөз болду.

“Министр Каныбек Досмамбетов лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды натыйжалуу башкаруу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин жана алар ооруларды алдын алуу, өз убагында аныктоо жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн түздөн-түз таасир этерин белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.

Кеңешмеде медициналык калдыктарды сактоо жана утилдештирүү боюнча да сөз болгон.

Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда медициналык лабораториялар бар. Бирок изилдөөнүн кээ бир түрлөрү боюнча менчик лабораторияларда гана изилдөө жүргүзүлөт.

2024-жылы менчик медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүү акысы кымбат экени боюнча маселе чыгып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча иш жүргөнүн билдирген. Мекеме лабораториялардын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, баа 30%га түшкөнүн маалымдаган.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт