Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда
Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат.
Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот. Эки өлкөнүн аталган төлөм системаларынын кардарлары үчүн кийинки жеңилдиктер сунушталат:
· POS-терминалдар аркылуу комиссиясы жок төлөө
· Акча төлөп же накталай чыгарып алуу
· Жолдо жүрүүдө, операцияларды аткарганда ыңгайлуу
· Банктар үчүн натыйжалуу
Бул долбоор өлкөлөр арасында накталай акчасыз эсептешүүнү мурдагыдан да жеңилдетип, финансылык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.