Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти.

Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат.

"Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Бишкектен Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубайдан тышкары Шаржа шаарына да каттамдар бар.

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде 28-февралда бир нече жарылуу болгонун Reuters жана AFP маалымат агенттиктери жергиликтүү булактарга таянып жазышты.

Иран ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын жана Израилдин соңку соккуларына жооп иретинде Бахрейндеги, Катардагы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагындагы америкалык базаларга чабуул койгонун билдирип, соккуларын улантарын белгилеген.

Глобалдык авиатрафиктин Flightradar24 сайтындагы маалыматка караганда, көптөгөн компаниялар Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндигинен учкан рейстерин токтотту.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды