Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон.

Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан нак эмес сом. Күтүлүп жаткан санарип сом - мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат жана 1 санарип сом 1 кадимки сомго барабар болот. Ал төлөмдөрдү тездетүү, чыгымдарды азайтуу жана акча жүгүртүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Ишкер медиа сунушталып жаткан улуттук валютанын санариптик формасынын чыгышын утурлай, Улуттук банктын басма сөз кызматына кийинки суроолор менен кайрылып, жооп алды.  

Санарип сомдун пилоттук долбоорун сыноого - кимдер катыша алышат?

Азыр Улуттук банк санарип сом платформасын жана өзүнүн инфраструктурасын чектелген жана көзөмөлдөнгөн шартта пилоттук тестирлөөнү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Пилоттук тестирлөөгө кийинкилердин катышуусу пландалууда:

• пилоттук коммерциялык банктар — P2P, G2C жана B2B сценарийлери боюнча;

мамлекеттик органдар — айрым мамлекеттик төлөмдөрдү жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү бөлүгүндө;

•  пилоттук сценарийлерге тартылган колдонуучулардын чектелген тобу.

Пилоттук долбоор калктын кеңири катмарын массалык түрдө кошууну көздөбөйт. Анын негизги максаты — технологиялык, операциялык жана укуктук чечимдерди текшерүү, ошондой эле санарип сомду чыныгы, бирок чектелген сценарийлерде колдонуудагы ыңгайлуулугун жана коопсуздугун баалоо болуп саналат.

Санарип сом өлкө ичинде гана колдонулабы же эл аралык төлөмдөргө да багытталабы?

Баштапкы этапта санарип сом КРнын аймагында накталай жана накталай эмес акчалар менен катар улуттук валютанын үчүнчү формасы катары колдонулушу каралууда.
Санарип сомду трансчек аралык колдонуу маселелери өзүнчө эл аралык изилдөөлөрдүн жана пилоттук долбоорлордун предмети болуп саналат. Бул иштер башка улуттук банктар жана CBDC киргизип жаткан өлкөлөр менен координацияда жүргүзүлүүдө.
Санарип сомду трансчек аралык колдонуу мүмкүнчүлүгү кийинки этаптарда, эл аралык стандарттарды, тобокелдиктерди баалоону жана Улуттук банктардын ортосундагы макулдашууларды эске алуу менен каралышы мүмкүн.

Санарип сомду чыгаруу зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты жана анын артыкчылыктары эмнеде?

Санарип сом долбоору улуттук төлөм инфраструктурасын этап-этабы менен өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылып, анын туруктуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Санарип сомдун негизги артыкчылыктары - калк, бизнес, финансылык рынок жана мамлекет үчүн зарыл.

Калк жана бизнес үчүн

 

-Интернетке туташпастан, оффлайн режиминде өлкө боюнча төлөмдөрдү, которууларды жүргүзүү. 

Каражаттардын жогорку деңгээлде сакталышы.

-Коммерциялык банктардын финансылык абалынан көз каранды болбойт;

-Финансылык рынокто атаандаштыктын күч алышынан инновациялык сервистердин өнүгүшү, тейлөөнүн сапатынын жогорулашы;

-Уникалдуу санарип идентификаторлорду жана ырастоо каражаттарын колдонуу менен операциялардын коопсуздугу   

 

Финансылык рынок үчүн

-Платформага тең жеткиликтүүлүк аркылуу рыноктогу катышуучулар ортосунда атаандаштыкты күчөйт;

-Максаттуу төлөмдөрдү жана автоматташтыруу элементтерин камтыган жаңы сервистерди иштеп чыгууга шарт түзөт;

-Төлөм инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө жана модернизациялоого өбөлгө түзөт.

 

Мамлекет үчүн

-Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү;

-Мамлекеттик төлөмдөрдү башкаруудагы чыгымдарды автоматташтыруу аркылуу азайтуу;

-Келечекте башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын санарип валюталарынын платформалары менен трансчек аралык эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү

 

Мындан сырткары Улуттук банктан, санарип сом колдонулуп жаткан акчалардын түрлөрүн алмаштырбай турганын, ал эми анын практикалык артыкчылыктары жана колдонуу масштабдары пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча аныктала тургандыгын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен