Кытай юани дүйнөлүк резервдик валютага айланабы?

Кытай юани дүйнөлүк резервдик валютага айланабы?

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин юанды дүйнөлүк резервдик валютага айлантуу зарыл экенин билдирген. Эл аралык резервдерде кытай валютасында кармалган активдердин үлүшү улам өсүүдө. Бул жагдай долларга жана Батыштын каржы системасына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу РИА Новостинин талдоосун сунуштайбыз.

Убакыт келди


Си Цзиньпинин айтымында, эл аралык соодада, инвестицияларда, каржы рынокторунда кеңири колдонулуп, резервдик макамга ээ боло ала турган “кабаттуу валюта” керек. Аны үчүн, акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу, дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү каржы институттары жана капиталды тартууга, глобалдык баа түзүүгө таасир эте ала турган “күчтүү борбордук банк” керектелет, деп белгилеген.

Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, Пекин юандын интернационалдашуусун көптөн бери кубаттап келет. Ал 2016-жылдын октябрында Эл аралык валюта фондунун резервдик валюталар корзинасына киргизилген. Азырынча дүйнөнүн борбордук банктарындагы юандын үлүшү 2%дан ашпайт. Бирок серепчилердин талдоосуна ылайык, он жылдыктын аягына чейин бул көрсөткүч беш эсеге өсөт.

Мындай божомолду ири инвестициялык банктардын бири — UBSтин талдоочулары да айтышкан. Алар бул пикирди Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы позициясынын чыңалышы жана улуттук валютада эсептешүүлөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрүшкөн. Кытай ИДП боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат жана эң ири экспорттоочу өлкө болуп саналат.

Каржы рынокторунун эксперти Ольга Гогаладзенин пикиринде, эң реалдуу сценарий — юандын резервдердеги үлүшү азыркы 2 %дан 5-7 %га чейин өсүшү. Ал эми либералдаштыруу ылдамдаса, 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 8-10% жетиши да мүмкүн. Мында өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү G7 өлкөлөрү эмес, Глобалдык Түштүк мамлекеттери жана БРИКС+ өнөктөштөрү болмокчу.

Долларга чакырык


Жогорудагы божомолдорго ылайык, юандын толук кандуу резервдик валютага жетишине азырынча алыс. Бирок Пекиндин долларга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча ырааттуу стратегиясы - өзүнүн натыйжалуу жыйынтыктарын бере баштады. Буга биринчи кезекте, өзүнүн эсептешүү механизмдери жана төлөм системалары таасир этүүдө.

“Чындыгында, Кытай чийки зат үчүн эсептешүүлөрдө юанды алтын менен колдонууга мүмкүн болгон альтернативдүү валюталык системаны активдүү түптөп жатат. Бул доллардан жөн гана баш тартуу эмес, параллелдүү каржы архитектурасын түзүү стратегиясы”, — деп белгиледи WhiteBirdдин биржалык соода бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ян Пинчук.

2015-жылдан бери дүйнөлүк резервдеги доллардын үлүшү 59 %дан 40 %га чейин төмөндөп, анын негизги резервдик активи — алтын болгон.

БРИКС архитектурасы


Учурда доллар резервдерде гана эмес, эл аралык соодада да позициясын жоготуп жатат. Январь айынын маалыматына ылайык, SWIFT аркылуу жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдө анын үлүшү 79,53 % түздү — бул тарыхый минимум. Айрыкча Азияда жана БРИКС өлкөлөрүндө америкалык валютанын монополиясы алсырап, улуттук валюталарда операциялардын үлүшү 65 % жетти. Анын 50 % юандын үлүшүнө туура келет.

Мындан тышкары окуңуз

АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга энергетика тармагында Россияга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн 9 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция убада кылды. Вашингтон бул кадамды стратегиялык чечим жана Түштүк Кавказда өз позициясын бекемдөө аракети катары карап жатат деп жазат Bloomberg. АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Ереван менен жарандык өзөктүк кызматташтык боюнча келишимге кол койду. Бул

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча паркында 1000 метрлик аркан жолунун биринчи этабы аяктады

"Ала-Арча" паркында узундугу 1000 метр болгон аркан жол долбоорунун биринчи этабы бүткөнүн Президенттик администрациянын Башкаруу бөлүмү билдирди. "Ала-Арча" альплагери деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Эми канат жол аркылуу бийиктиги 2400 метрге жеткен жерге чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Жол 16 кабинка менен жабдылган: 14ү 10 кишиге ылайыкташтырылган,

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкек шаарындагы "Красный Строитель" конушунда жайгашкан №67 Баластан бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Салтанаттуу аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэриянын өкүлдөрү

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды

МинКаб "Кылым Банк" ААКын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечим 2026-жылдын 30-январында № 39 токтом менен бекитилип, өкмөттүк актыларды баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. Документке ылайык, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон деп таанылды. Бул пункт мурда "Кылым Банкка"