Улуттук банк эсептик ченди 12% жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 12% жогорулатты

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 23-февралында эсептик ченди 100 базистик пунктка 12,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алып, бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Мындай маалыматты бүгүн Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, тышкы экономикалык чөйрөдө абал бир калыпта болбой, мурдагыдай эле белгисиздик жагдай жогору бойдон калууда.

“Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товарлардын негизги түрлөрүнө баалардын өсүш арымынын акырындык менен басаңдашы байкалууда, бирок КРнын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору бойдон сакталып турат. Айтсак, РФда инфляциянын деңгээли 5,9%, Казакстанда 12,2%, Өзбекистанда 7,2% болуп турат. Жалпысынан инфляция глобалдуу проблема болуп саналат. Ошондуктан аны менен аймактар бардык өлкөлөр кездешип жатат. Биздин көз карашыбыз боюнча эсептик чендин 12% тегерегинде кармалышы КРнын экономикасы үчүн оптималдуу шарт болуп саналат. Бул орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык фондо биздин максаттарга жетүүгө, инфляциянын деңгээлин 5,7% кармоого жардам берет – деп билдирди, Козубеков.

 2026-жылдын январь айында өлкөнүн реалдуу ИДӨсү 9,0% өскөн. Экономикалык жигердүүлүк, мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр жана курулуш секторунда белгиленген. Негизги капиталга инвестициялар жогору деңгээлде сакталып турууда, бул инфраструктуралык долбоорлордун кеңейишине түрткү берет. Ал эми калктын реалдуу кирешесинин өсүшү жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү ички суроо-талапка өбөлгө түзүп жатат.  

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымында, экономикада инфляцияга түрткү берүүчү факторлордун пайда болушунун, ИДӨдөгү ажырымдын көбөйүшүнүн жана керектөө суроо-талабынын өсүшүнүн натыйжасында, бүгүнкү күндө инфляциянын басаңдашы үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында акча-кредит шарттарын катуулатуу зарыл болду. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 12,00 пайызга чейин жогорулатылды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү