Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

26-февралда Улуттук банк 2026-жылдагы эң ири валюталык интервенциясын жүргүзүп, сомдун алмашуу курсун турукташтыруу үчүн рынокто 162,55 млн $ сатты.

Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, бул сумманын негизги бөлүгү — 131,7 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Мындан сырткары 30,85 млн $ бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылды.

Жыл башынан берки Улуттук банк тарабынан жасалган интервенциялардын ичинен бул эң ириси болуп саналат. Эки айдын ичинде Улуттук банк жалпысынан 406,55 миллион долларга үч жолу интервенция жүргүздү. 19-январда 134,05 млн $, ал эми 6-февралда 109,95 млн $ сатылган.

Мындан тышкары окуңуз

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа

Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Россия премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думада өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берип жатып, негизги жетишкендиктердин бири катары мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн реестри түзүлгөнүн билдиргенин "Азаттык" жазды. Аталган базага болжол менен 840 миң адам киргизилген. Аларга машине айдоо, никеге туруу жана банк кызматтарынан пайдалануу сыяктуу бир катар чектөөлөр киргизилген.