Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Россия премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думада өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берип жатып, негизги жетишкендиктердин бири катары мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн реестри түзүлгөнүн билдиргенин "Азаттык" жазды.

Аталган базага болжол менен 840 миң адам киргизилген. Аларга машине айдоо, никеге туруу жана банк кызматтарынан пайдалануу сыяктуу бир катар чектөөлөр киргизилген. 2025-жылы миграциялык режимди бузган 72 миң адам өлкөдөн чыгарылган.
М.Мишустиндин мындан ары “мигранттын санарип профили” түзүлөрүн билдирди. Ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Салык кызматынын ортосунда мигранттардын кирешеси жана төлөгөн салыгы тууралуу маалыматты электрондук алмашуу боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчуларды уюшкан түрдө кабыл алуу механизми ишке киргизилген. Алар Россияга киргенге чейин дактилоскопиядан өтүп, экзамен тапшырып жана медициналык кароодон өтүшү керек болот. Ар бир мигрант конкреттүү иш берүүчүгө бекитилип, бул эмгек миграциясын башкарууну ачык жана натыйжалуу кылууга багытталууда.

Ошондой эле мигранттар үчүн экзамен талаптары күчөтүлүп, алардын балдарын мектепке кабыл алууда тестирлөө киргизилген. Медициналык текшерүүдөгү жаңы нормалар кооптуу ооруларды аныктоо мөөнөтүн 14 күнгө чейин кыскартууну карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media