BAKAI жазгы маанай тартуулайт: март айында гүл жана косметикага 5% акчалай кешбэк
BAKAI Visa жана Элкарт плюс карталарынын ээлери үчүн 5% акчалай кешбэк менен атайын акцияны ишке киргизди.
Жаз - камкордук жана көңүл буруунун мезгили. BAKAI бул учурду дагы да жагымдуу кылып, өзүңүзгө жана жакындарыңызга жасалган сатып алуулардан үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Гүл жана косметика дүкөндөрүндөгү ар бир төлөм кошумча пайда алып келет.
BAKAIдын Visa жана Элкарт плюс карталары менен төлөгөндө 5% кешбэк берилет:
· гүл дүкөндөрүндө (Buketto, Podari Mne, Flower Lab, Pandora, Fiesta Flowers жана башка);
· косметика дүкөндөрүндө (Di Store, Hello Beauty, Beauty Showroom, Bonita, Vegas Beauty, Mega City, Elle Perfumes жана башка).
Кешбэк автоматтык түрдө эсептелет - катталуунун, промокод киргизүүнүн же кошумча аракеттердин кереги жок. БолгонуBAKAI картасы менен төлөө жетиштүү.
Акция 2026-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин жарактуу.
Толук шарттары bakai.kg сайтында жана BAKAI мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
Мындан тышкары, BAKAI карталарынын ээлери үчүн күн сайын накталай эмес төлөмдөрдө 1%дан башталган туруктуубазалык кешбэк каралган.