Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин  экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.

Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.

Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.

Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт  жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланылаарын эске салабыз.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды