Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?
"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт.
Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү чемпионаттын чоң финалына чыгып, Кыргызстандын эң мыкты айдоочусу наамы үчүн ат салышат.
Тандоо мелдештери төмөнкү аймактарда өтөт
I этап: 2026-жылдын 11–16-марты
· 11.03.2026: Баткен облусу — Кадамжай району
Байланыш үчүн: Абдыкасым Акматов, 0772 655 498
· 12.03.2026: Ош облусу — Өзгөн району
Байланыш үчүн: Жакшылык Муканбетов, 0550 03 00 07
· 13.03.2026: Жалал-Абад облусу — Сузак району
Байланыш үчүн: Икрамжан Жумашов, 0779 079 413
· 16.03.2026: Талас облусу — Бакай-Ата району
Байланыш үчүн: Улукман Мамбеков, 0505 877 087
II этап: 2026-жылдын 18–23-марты
· 18.03.2026: Ысык-Көл облусу — Тоң району
Байланыш үчүн: Рустам Алышбаев, 0551 228 430
· 19.03.2026: Нарын облусу — Кочкор району
Байланыш үчүн: Бактыбек Бозумбаев, 0701 771 100
· 23.03.2026: Чүй облусу — Ысык-Ата району (Кант шаарына жакын талаа)
Байланыш үчүн: Чолпонкул Кабаев, 0703 912 419
Чемпионатка төмөнкү талаптарга жооп берген механизаторлор чакырылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- 18 жашка толгон;
- тиешелүү категориядагы жарактуу трактористтик күбөлүгү бар.
Финалдык этаптын жеңүүчүсү Кыргызстандын атынан Россияда өтө турган эл аралык жер айдоо фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген мыкты механизаторлор менен күч сынашат. Ошондой эле чемпионаттын башкы демөөрчүсү "Автомаш Радиатор" ЖЧКсынан башкы байгеге ээ болот. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген катышуучулар расмий демөөрчү СТСК "Агромаш Холдинг ТехСервис" тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.
"Айдоо Фест – 2026" — бул жөн гана кесиптик мелдеш эмес, үй-бүлө үчүн чоң майрам. Мелдештин техникалык камсыздоосун фестивалдын башкы демөөрчүсү "Автомаш Радиатор" ЖЧКсы камсыздап, айыл чарба техникаларын сунуштап жана чемпионатты өткөрүүгө даярдайт.
Иш-чаранын программасында:
- Айыл чарба жана атайын техникалардын көргөзмөсү;
- Айыл чарба дрондорунун демонстрациясы;
- Сугат (дождевальный) жабдуулары;
- Агрохимикаттар фестивалы;
- Асыл тукум малдардын көргөзмөсү;
- Сыр жана бал фестивалы, фермерлердин айыл чарба продукцияларынын жарманкеси;
- Атайын жана айыл чарба техникаларына тест-драйв;
- Балдар үчүн оюн аянтчасы — толугу менен акысыз;
- Балдар шоу-программасы;
- Балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар зонасы;
- Ата мекендик жана эл аралык популярдуу жылдыздардын катышуусунда шоу-концерт;
- Баалуу белектердин утуш ойнотуусу: тиричилик техникалары, наушниктер, планшеттер, фестивалдын өнөктөштөрүнөн бренддик продукциялар жана башка көптөгөн белектер.
"Айдоо Фест" — фермерлерди, механизаторлорду жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошкон бардык адамдарды бириктирген чоң майрам.
Улуттук банктын лицензиясы №048