Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Инфляцияны көзөмөлдөө маселеси Министрлер Кабинетинде талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берип, керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана тышкы факторлорго талдоо жасады.

Талкууда баалардын туруктуулугун сактоо үчүн фискалдык жана монетардык саясаттын координациясымаанилүү экени белгиленди. Данияр Амангелдиев жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу Министрлер Кабинетинин негизги приоритеттеринин бири экенин айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга көңүл буруу тапшырылды.

Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында аткаруу үчүн ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов тегерек столдо билдирди. Ага ылайык, расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Пилоттук долбоор эсептелип, Бишкек,

Ишкер Media
Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилери каралып, курулуш иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө талаптардын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Курулуш министрлигинен билдирди. Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан төмөнкү объектилер текшерилди: * "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борбору; * Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү 11 дарегиндеги

Ишкер Media
Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media
Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media