Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда эттин баасын турукташтырууга жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалып жатканын радио эфиринде   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Чыналиевдин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор катары алгач Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашыруу пландалып жатат. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, кийин аны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу мүмкүн.

"Бул демилгени ишке ашырууга 1,5 млрд сомго чейин каржылоо каралган. Каражат эт багытындагы мал чарбачылыгы боюнча 10 өндүрүштүк чынжырды (кластерди) түзүүгө багытталат. Бир чынжырга 150 млн сомго чейин каражат бөлүнүшү мүмкүн", — деп тактады ал.

Чыналиев түшүндүргөндөй, долбоор өндүрүштүн толук циклин өнүктүрүүнү камтыйт — малды семиртүүдөн баштап даяр продукцияны сатууга чейин. Анын ичинде мал семиртүү, жеңил кайра иштетүү, союу, муздатуу, таңгактоо жана этти сатуу этаптары кирет.

Долбоор кластердик ыкманын негизинде ишке ашырылат. Ар бир кластерде үч негизги чынжыр түзүлүшү керек:

  • өндүрүш чынжыры
  • кайра иштетүү чынжыры
  • сатуу (сбыт) чынжыры

Мындан тышкары, долбоордун алкагында семиртүү үчүн мал импорттоону каржылоо мүмкүнчүлүгү да каралган, бирок бул милдеттүү шарт эмес.

Долбоорго катышуу үчүн ишкерлер биригип, милдеттерди өз ара бөлүштүрүшү керек. Мисалы:

  • бир катышуучу мал семиртүү менен алектениши мүмкүн,
  • экинчиси — кайра иштетүү жана союу иштерин жүргүзөт,
  • үчүнчүсү — продукцияны сатуу менен алектенет.

Каржылоо мамлекеттик банктар аркылуу берилет. Ошол эле учурда катышуучулар банк талаптарына жооп бериши керек, анын ичинде кредиттик тарыхынын болушу жана күрөө камсыздоосу талап кылынат.

Чыналиевдин айтымында, катышуучулар бирдиктүү кластерге бирикпесе, каржылоону алуу кыйла татаал болот.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media