"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды
Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү.
Ага ылайык:
- мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому;
- мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы — "АБанк" ААК;
- расмий тилдөгү толук аталышы — Открытое акционерное общество "АБанк";
- расмий тилдөгү кыскартылган аталышы — ОАО "АБанк";
- англис тилдеги толук аталышы — The open joint-stock company "ABank";
- англис тилдеги кыскартылган аталышы — OJSC "ABank".
Фирмалык аталыштын өзгөрүшүнө байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкка тиешелүү лицензиялар жаңы аталышка ылайык кайрадан берилди.