Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган товарлардын жалпы баасы 31,2 млн сомду түзөт.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media