Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Банк аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилип, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзүлүүдө.

Учурда мамлекеттик колдоонун алкагында "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы бюджети 1 млрд 224 млн сомду түзөт. Анын алкагында өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы үчүн 1 млн сомго чейин, ал эми сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 3 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.

Мындан тышкары, "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 227,6 млн сомду түзөт. Анын алкагында фермерлерге 5 млн сомго чейин, ал эми агрегациялык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттерге 300 млн сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Ошондой эле "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 616 млн сомду түзөт. Анын алкагында асыл тукум заводдорго жана фермаларга, ошондой эле импортерлорго 20 млн сомго чейин, жасалма уруктандыруу техниктерине 2 млн сомго чейин, фермерлерге асыл тукум мал сатып алуу үчүн 20 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.

Бул долбоорлор айыл чарба тармагын модернизациялоого, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана фермерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен