Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү
Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Банк аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилип, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзүлүүдө.
Учурда мамлекеттик колдоонун алкагында "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы бюджети 1 млрд 224 млн сомду түзөт. Анын алкагында өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы үчүн 1 млн сомго чейин, ал эми сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 3 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.
Мындан тышкары, "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 227,6 млн сомду түзөт. Анын алкагында фермерлерге 5 млн сомго чейин, ал эми агрегациялык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттерге 300 млн сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт.
Ошондой эле "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 616 млн сомду түзөт. Анын алкагында асыл тукум заводдорго жана фермаларга, ошондой эле импортерлорго 20 млн сомго чейин, жасалма уруктандыруу техниктерине 2 млн сомго чейин, фермерлерге асыл тукум мал сатып алуу үчүн 20 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.
Бул долбоорлор айыл чарба тармагын модернизациялоого, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана фермерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.