Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-мартындагы "КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы "КРнын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды. 

Ага ылайык, "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөр жана сандар "2026-жылдын 1-октябрына" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылды. Эми коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек накталай чет өлкө валюталарын сыртка алып чыгууга уруксат.   

Улуттук банктын басма сөз кызматынан маалымдагандай, бүгүнкү күндө валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Өлкөнүн банк системасында калктын суроо-талабын канааттандыруу үчүн накталай АКШ доллары жетиштүү.

“Кассадагы чет өлкө валютасындагы накталай акча калдыктарын тескөө жана эсептешүүлөрдү накталай эмес түрдө үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктар эскилиги жете элек накталай АКШ долларларынын топтолушуна жараша, эскилиги жете элек накталай чет өлкө валютасын, анын ичинде АКШ долларын да өлкөдөн тышкары алып чыгуусу зарыл- деп, Улуттук банктан түшүндүрүштү.

Маалыматка караганда, бул операциялар аларды тиешелүү накталай эмес чет элдик валютага алмаштыруу үчүн жүргүзүлөт. Буга байланыштуу, эскилиги жете элек накталай АКШ долларын 2026-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды. Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле оорукананын 350

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

МинКаб торагасы Адылбек Касымалиев "Ата мекендик зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомго кол койду. Жаңы документке ылайык, жергиликтүү зергер компаниялары үчүн баалуу металлдардын сатуу баасы London Bullion Market Association тарабынан аныкталган дүйнөлүк көрсөткүч — LBMA фиксингине байланыштырылат. Бирок ага 2%дык арзандатуу колдонулат. Бул чечим