Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.

Ошондой эле оорукананын 350 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Адылбек Касымалиев ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балтада заманбап технология менен таштанды полигонун куруу пландалууда

Кара-Балтада заманбап технология менен таштанды полигонун куруу пландалууда

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жапондордун «Фукуока» технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, долбоор экологиялык жүктөмдү кескин азайтууга жана таштандыларды башкаруунун заманбап стандарттарына өтүүгө багытталган. Азия өнүктүрүү банкынын жана Жапон фондунун өкүлдөрү

Барскоон – Бедел унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель курулат

Барскоон – Бедел унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель курулат

Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктаганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.  * №1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр;  * №2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Министрлер кабинети 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Салык кодексинин жана ЕАЭБ келишимдеринин нормаларын колдонуу тартибин жөнгө салат. Документке ылайык, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган уюмдардын тизмесине эки муниципалдык ишкана — Бишкек ЖЭБи жана "Бишкек жылуулук тармактары" киргизилди. Мындан тышкары, токтомдун текстинде "коммуналдык&

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банк 2026-жылдын 31-мартына карата финансылык абалы тууралуу отчетун жарыялады. Документке ылайык, жөнгө салуучунун активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу кыйла өстү. Активдердин негизги бөлүгүн мурдагыдай эле монетардык алтын түзөт — 608,8 млрд сомдон ашык (бир жыл мурун 292,4 млрд сом болгон). Кассадагы, банктардагы жана